Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Түндүк Корея кезектеги ядролук бомбасын сыноодон өткөрүүнү көздөп жатат


Түндүк Корея дагы бир ядролук куралын сыноодон өткөргөнү жатат. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Улуттук коргоо министрлигинин расмий өкүлү Мун Сан Гюн бүгүн Сеулда маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда, Түндүк Корея Пунгё-ри полигонунда кезектеги жер алдындагы жардырууну даярдап жатат.

9-сентябрда Пхеньян бешинчи ядролук куралын тесттен өткөргөн. Бул үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга карата кезектеги санкцияларды киргизерин жарыялаган. Санкция болорун АКШ да билдирди.

Пхеньян бул билдирүүлөрдүн баарын "күлкү келерлик коркутуу" деп атады. (RK)

XS
SM
MD
LG