Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Дэвид Кэмерон парламенттен кетерин жарыялады


Девид Кэмерон.
Девид Кэмерон.

Британиянын мурдагы премьер-министри Дэвид Кэмерон Уитни округунан Консервативдер партиясынан парламент палатасынын мүчөсү болчу. 12-сентябрда бул орунду тапшырарын билдирди. Кэмерон парламент мүчөсү кызматында иштөө менен азыркы өкмөттүн ишин жөн карап отура албай тургандыктан бул кадамга барганын айтты.

“Британиянын азыркы өкмөт башчысы Тереза Мэй бул чечимди түшүнүү менен кабыл алды”, - деди Кэмерон.

23-июнда жалпы элдик добуш берүү учурунда британиялыктардын 52 пайызы Евробиримдиктен бөлүнүү демилгесин колдогон эле. Мындан кийин Дэвид Кэмерон премьерлик кызматтан чегинген.

XS
SM
MD
LG