Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:39

Тажикстанга таандык дагы бир учактан техникалык мүчүлүштүк аныкталды


"Сомон Эйр" авиакомпаниясынын учагы.

"Сомон Эйр" авиакомпаниясынын учагы.

“Сомон Эйр» авиакомпаниясынын учактарынын бири 11-сентябрда 100дөн ашык жүргүнчүсүн Орусиянын Красноярск шаарынан Дүйшөмбүгө жеткире алган жок. Буга жүргүнчүлөр жайгашып жаткан маалда учактын асманга көтөрүлүүсүнө тыюу салынганы себеп болгонун тажикстандык, орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты. Бул акыркы бир жума ичинде тажик аваикомпанияларынын учактарында техникалык мүчүлүштүк аныкталган экинчи учур.

7-сентябрда «Тажик Эйр» авиакомпаниясынын Бишкектен Дүйшөмбүгө багыт алган учагы бир нече жолу Сокулук районунда айланып учуп, кайра "Манас" эл аралык аэропортуна конууга мужбур болгон. Ал каттамдын жүргүнчүлөрү 8-сентябрда гана Дүйшөмбүгө жеткирилген. «Сомон Эйр» менен «Тажик Эйр» Тажикстандагы эки ири авиакомпаниялар болуп эсептелет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG