Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:43

Британияда алгачкы желим акчалар жүгүртүүгө чыгарылды


Европа жана Улуу Британия акчалары.
Европа жана Улуу Британия акчалары.

Шейшембинин түнүндө беш фунт номиналындагы алгачкы желим акчалар Англия менен Уэльстин банкоматтарына түштү. Банкноттор полимерден жасалган.

Анын көлөмү кагаз акчадан 15%га кичине. Салтка айлангандай, акчанын бир бетине ханышанын, экинчисине Уинстон Черчиллдин сүрөтү түшүрүлгөн.

Желим акчанын эң башкы артыкчылыгы, ал кагаз акчага салыштырмалуу таза. Тагыраагы, полимерге чаң жана тер сиңбейт. Акчаны басып чыгаруу кымбатка турганы менен, кагазга салыштырмалуу узакка колдонулат.

Биринчи желим акчалар 1983-жылы Коста-Рикада пайда болгон. Андан бери 50дөн ашык өлкөдө жүгүртүүгө киргизилди.

XS
SM
MD
LG