Линктер

Ош шаарынын тургуну 9,5 килограмм гашиш, 285 грамм героин менен колго түштү. Бул тууралуу Ош шаардык баңгизаттарга каршы бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрда Ош шаарынын 48 жаштагы тургуну П.Б. баңгизаттарды мыйзамсыз соодалап жүргөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды. Кармалган жаран Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG