Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:54

Беларус: Оппозициячыл депутат президент болууну көздөйт


Беларустагы парламенттик шайлоо.

Беларустагы парламенттик шайлоо.

Беларус парламентине жаңы шайланган оппозиционер Ханна Канапатская келечекте президенттик шайлоого да чыгарын жарыялады.

Канапатская беларустар өзгөрүүнү каалап турганын айтты. Бийликтин былык иштерине каршы эл нааразылык акцияларына даяр болгон менен, 2014-жылкы Украина окуяларынын кесепеттеринен чочулап турганын да кошумчалады.

2014-жылы украиналыктар президент Виктор Януковичти кулаткандан кийин Орусия Крымды аннексиялап алганы маалым. Ошол эле учурда Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышы да токтобой келет.

Бириккен жарандык партиянын мүчөсү Ханна Канапатская менен көз карандысыз депутат Алена Анисим акыркы 20 жылда беларус парламентине өткөн алгачкы оппозиция өкүлдөрү.

110 орундуу Улуттук жыйын – парламентке шайлоо 11-сентябрда өткөн.

Шайлоолор эркин жана демократиялуу өтпөгөнү, саясий оппоненттерин куугунтуктап, камаганы үчүн Батыш жана эл аралык уюмдар эгемен Беларус бийлигин сынга алып келет.

10 миллиондой эли бар өлкөнү Александр Лукашенко 22 жылдан бери башкарат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG