Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Бир жылда 800 миң адам өз жанын кыят


Жылына дүйнөдө 800 миңден көп адам өзүн өзү өлтүрүүдө. Башкача айтканда ар бир 40 секунд сайын дүйнөдо бир киши жанынан аша кечип, ажалды тандоодо. Өз жанын кыюуга белсенгендердин саны мындан да көп болушу мүмкүн дейт дүйнөлүк саламаттык уюму. Жанынан аша кечкендердин көбү 15 жаштан 29 жашка чейинкилер.

Суицид азыр жакыр өлкөлөрдүн эле эмес, жаамы дүйнөлүк глобалдык проблемага айланууда. Кедей мамлекеттерде суициддин башкы себеби алкоголизм, депрессия болсо, бай жактарда жашагандар жашоодогу стресс жана жакындары менен тил табыша албагандан улам өлүмдү тандап жатышат. Жарандык согуш, табигый кырсыктар, зомбулук, жакынынан айрылуу жана оор депрессия суициддин башкы себептери.

Суициддин алдын алыш үчүн ар бир өлкө калктын психологиялык саламаттыгына байланыштуу стратегия иштеп чыгуусу керектигин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эскертүүдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG