Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:00

Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча Варшавада мөөрөй талашат


Мелис Турганбаев.

Мелис Турганбаев.

Мурдагы Ички иштер министри Мелис Турганбаев Польшанын Варшава шаарында ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу күрөш федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдештер 7-9-октябрда өтөт. Спорттук делегация жети кишиден турат жана алардын экөө гана спортчу. Бири Мелис Турганбаев (76 кг), экинчиси Чынарбек Изабеков (97 кг). Изабеков ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону болуп саналат. Экс-министр, генерал-майор Мелис Турганбаев болсо өлкөнүн эркин күрөш федерациясын жетектеп келет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG