Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

Германияда теракт уюштурууга шектелип үч сириялык кармалды


13-сентябрда Германиянын Төмөнкү Саксония жана Шлезвиг-Гольштейн аймагындагы рейд учурунда сириялык үч мигрант кармалды.

Алар “Ислам мамлекети” террордук тобунун тапшырмасы менен теракт уюштурууга даярданышкан деп айыпталууда.

17,18 жана 26 жаштагы үч жигит Германияга өткөн жылдын ноябрь айында келишкен. Алар качкындардын кейпин кийип, террордук топтон тапшырмаларды күткөнү тууралуу маалыматты федералдык прокуратура таратты.

Аз күн мурда эле Германия ички иштер министри Томас де Мезьер өлкө аймагында террористтердин 500дөн ашуун кызматташтары бар экенин айткан. Ошол эле учурда министр атайын кызмат жагдайды көзөмөлдөп турат деп жубаткан.

XS
SM
MD
LG