Линктер

Алеппонун түндүгүндөгү өздөрү ээлеген аймак тынч экенин Сирия оппозициясы билдирди. Ал жерде акыркы убактарда айыгышкан кармаштар жүргөн болчу.

Сириядагы адам укуктары боюнча британиялык обсерватория Хама жана Дамаск шаарларында өкмөттүк да, куралдуу оппозиция тараптан да анда-санда эреже бузуу катталганын билдирди. Бирок андан бир да карапайым адамдын өмүрү кыйылган эмес.

Түркиялык өкмөттүк маалымат каражаттары БУУнун гумжардам жүктөгөн 20 автоунаасы Алеппого жөнөп кеткенин маалымдашууда.

Келишим АКШ жана Орусиянын ортомчулугу менен ишке ашкан. Бирок Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри алгачкы ийгиликтерди комментарийлеп жатып, жыйынтык чыгарууга али да өтө эрте экенин белгиледи.

Ок атышпоо режими бир жума бузулбай сакталса, АКШ жана Орусия Сириядагы "Жебхад Ан-Нусра" фронту жана “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы координациялык аба соккуларын баштамакчы. Тынчтык келишими аталган эки топко тиешелүү эмес.

Алты жылга жакындаган Сириядагы жарандык согуш 250 миңдей адамдын өмүрүн алды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG