Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Казак өкмөтүндө айрым министрлер алмашты


Казак президенти Нурсултан Назарбаев
Казак президенти Нурсултан Назарбаев

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттөгү бир топ кадрлардын ордун алмаштырды.

13-сентябрда президенттин сайтына чыккан маалыматка ылайык, коргоо министри Имангали Тасмаганбетов премьер-министрдин орун басарлыгына келди. Коргоо министринин орун басары Сакен Жасузаков министр болду.

Юстиция министри Берик Имашев Борбордук шайлоо комиссиясын жетектесе, анын ордуна президенттик администрация жетекчисинин орун басары Марат Бекетаев коюлду.

Калган министрлер ордуларына кайрадан бекитилди.

8-сентябрда Назарбаевдин буйругу менен премьер-министр Карим Масимов Улуттук коопсуздук комитетине жетекчи болуп, анын биринчи орун басары Бакытжан Сагынтаев өкмөттүн башына келген.

XS
SM
MD
LG