Линктер

Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы элдик курултай 8-октябрда өтөт


Оппозициянын протести.

Оппозициянын протести.

13-сентябрда Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө каршы чыккан бардык саясатчылар, оппозициялык, улуттук патриоттук күчтөр, жарандык коом жана жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү биригип, "Референдумга - жок!" деп аталган элдик кыймыл түзүлдү. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, аталган кыймылдын мүчөсү Равшан Жээнбеков "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Конституцияны өзгөртүүгө каршы болгондор биригүү боюнча буга чейин өз ара сүйлөшүү жүргүзүшүп, кечээ бир пикирге келишти. Алар 8-октябрда курултай куруп, Конституцияны өзгөртүү аракетинен баш тартууга бийликти чакырат.

Элдик курултайды уюштуруу тобунун курамына Элмира Ибраимова, Рита Карасартова, Кадыр Кошалиев жана Мавлян Аскарбеков шайланды. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG