Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Кыргызстан саякат үчүн мыкты он эки өлкөнүн катарына кирди


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Британиялык The Independent гезити Кыргызстанды саякаттоого ыңгайлуу деген 12 өлкөнүн катарына кошту. Басылманын рейтингин дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн кыдырып чыккан белгилүү саякатчы Гуннар Гарфорс түзгөн. Ал Кыргызстандын жаратылышы кооз экенин, меймандос калкы бардыгын белгилеген. Мындан тышкары Кыргызстандын суусунун тазалыгына көңүл бурган. Акыркы кезде батыш басылмаларында Кыргызстан тууралуу макалалар көп жарыяланып жатат.

Былтыр жыл этегинде британиялык The Guardian гезити өлкөдө альпинизмдин болочогу чоң экенин жазып чыккан. Быйыл эл аралык Financial Times басылмасы, Business Insider порталы, Forbes журналы Кыргызстанды туристтер үчүн ыңгайлуу жети өлкөнүн катарына кошсо, Daily Telegraph гезитинин иликтөөсүндө өлкө туризм өнүгүшү ыктымал деген алдыңкы он мамлекеттин баш сабына чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG