Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Талас: мал уурулар табылбай жатканына нааразылык чыкты


Иллюстративдик сүрөт.

Иллюстративдик сүрөт.

Талас районуна караштуу Баркырак жайлоосунан өткөн аптада 28 жылкы жоголгон. Жай мезгилинде Комсомол айылынын малын жайлоодо баккан жылкычы Акылбек Субанов уурулар аларды Казакстанга айдап кеткенин жана жергиликтүү милиция буга эч кандай чара көрбөй жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди. Мындан улам малын жоготкондор Таластан шайланган парламент депутаттарынан маселени чечип берүүнү өтүнүп жатышат. Жергиликтүү тургун Мамыткан Мамырбаев ички иштер органдарын уурдалган малды табууга аракеттенбей жатат деп сындады:

-Уурдалган малдын баасы бир жарым миллион сомду чапчыйт. Аны бизге малчы кантип төлөп берет? Өмүр бою иштейби?

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, акыркы сегиз айда аймакта мал уурулук боюнча 46 факт катталып, анын 39у табылган. Аталган мекеме Казакстанга мал айдап кеткен учур быйыл биринчи ирет болуп кездешкенин жана бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканын кабарлады. (NT/AlS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG