Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

АКШ ИМдин маалымат катчысы жок кылынганын ырастады


Экстремисттердин жок кылынган маалымат катчысы Абу Мухаммед ал-Аднани.
Экстремисттердин жок кылынган маалымат катчысы Абу Мухаммед ал-Аднани.

Пентагон өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топтун басма сөз катчысы Абу Мохаммед ал-Аднани өлтүрүлгөнүн ырастады. АКШ Коргоо министрлигинин өкүлү Питер Куктун айтымында, Аднанинин өлүмү топтун ишин бир кыйла кыйындатат деген божомол бар. Ал түшкөн автоунаа Сириянын Эл-Баба аймагына жакын жерде 30-августта жок кылынган. Аднани ИМ тобунун башкы насаатчысы, үгүтчүсү жана чет өлкөдөгү террордук операциялардын архитектору катары белгилүү болчу. Террордук топтун маалымат катчысы катары кызмат өтөп, Париж, Брюссель, Стамбул, андан тышкары Бангладештеги ири чабуулдарда маанилүү ролду ойногону айтылып келген.

XS
SM
MD
LG