Линктер

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери бүгүн эртең менен “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун активдүү мүчөсү катары милициянын каттоосунда турган Сузак районунун Күмүш-Азиз айылынын 51 жаштагы тургунунун үйүн тинтти.

Аталган бөлүмдөн “Азаттыкка” билдиришкендей, анда күбөлөрдүн катышуусунда диний мазмундагы 10дон ашык китеп, баракчалар жана электрондук материалдар алынды. Бул факт боюнча Сузак райондук ички иштер бөлүмү кылмыш иш козгогон. Учурда соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары башталды.

Мындай тинтүү иштери Жалал-Абад облусунун дээрлик бардык аймагында жүргүзүлгөн жана жыл башынан бери диний экстремизмге байланыштуу 40ка жакын кылмыш иш козголду. (EBM)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG