Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Сузакта майыптардын спартакиадасы өтүүдө


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бүгүн башталган 7-спартакиадага облустун бардык район-шаарларынан 140 спортчу катышууда. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси Абдуллабек Камбаровдун “Азаттыкка” ырасташынча, оюндар спорттун 17 түрү боюнча өтүп, жеңүүчүлөр 39 медаль комплекти менен сыйланмакчы.

Спартакиаданы уюштуруу иштерине Сузак райондук бийлиги 200 миң сом каражат бөлгөн. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо максатында бул спартакиада жыл сайын облустун ар бир район-шаарларында уюштурулат. Жалал-Абадда 30 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG