Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Казат Акматовго эстелик орнотулду


Казат Акматовдун эстелиги.
Казат Акматовдун эстелиги.

Жазуучу Казат Акматовдун дүйнөдөн өткөнүнө бүгүн бир жыл болду. Ага байланыштуу айтылуу сүрөткедин кабырына коюлган айкели ачылды. Иш-чарага жазуучунун жакындары, күйөрмандары, Улуттук жазуучулар бирлигинин мүчөлөрү, президенттик аппараттын өкүлү Зайырбек Эргешов катышты.

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, мамлекеттик ишмер Казат Акматов былтыр 74 жаш курагында дүйнө салган.

Казат Акматов 1941-жылы Ысык-Көлдөгү Бостери айылында туулган. Жогорку билим алгандан кийин чыгармачылык менен мамлекеттик ишти кошо ала жүргөн кыргыз адабиятына баа жеткис салым кошкон залкар жазуучулардын бири. Совет мезгилинде “Мезгил” романы советтик системага каршы чыгарма катары бааланып, куугунтукка кабылган.

Жазуучунун “Күндү айланган жылдар”, “Мезгил”, “Мунабия”, “Архат” романдарынын алды көптөгөн тилдерге которулуп, дүйнөлүк деңгээлде окурмандарын тапты. Улуттук жазуучулар союзунун маалыматына караганда, залкар сүрөткер “Кыргызстан баатыры” наамына көрсөтүлүп жаткан.(ZA)

XS
SM
MD
LG