Демократиялык партиянын Улуттук комитетинин билдирүүсүнө караганда, алардын сервери шайлоо жыйынтыгына таасир этүү максатында орус агенттери тарабынан бузулду. Партиянын серверинен хакерлик чабуул менен алынган документтерге шилтеме 13-сентябрда WikiLeaksтин Твиттердеги баракчасына коюлду. Ал Guccifer 2.0 аттуу хакер тарабынан жасалган.
- Бул кылмыштуу аракеттен пайда көргөн бир гана адам бар, ал Дональд Трамп,- деди Демократиялык партиянын Улуттук комитетинин убактылуу төрайымы Донна Бразил.
Июль айында Демократиялык партиянын ички документтеринин хакерлер тарабынан ачыкка чыгарылышы партиянын төрагасы Дебби Вассерман-Шульцтун кызматтан кетишине алып келген.
- Биз орус агенттери тарабынан уурдалган кошумча документтердин чыгарылышын күтүп жатканбыз,- деди Бразил.
Демократиялык партия жана анын талапкери Хиллари Клинтон 8-ноябрда боло турган шайлоонун алдында WikiLeaks жана башка хакерлер оңтойсуз маалыматтарды чыгарып жиберүүсүнө катуу тынчсызданып жатышканын билдиришкен. (AiT)