Үч жүзгө жакын студент Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жардыруунун айынан окууларын уланта албай жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Азамат Үсөнов парламентте билдирди.
Анын айтымында, Кытай элчилиги сутденттерге виза бербей, окуулары үзгүлтүккө учурап жатат. Элчилик болсо жагдайды жакында болгон жардырууга байланыштырууда.
30-августта Кытай элчилигинин имаратына жанкечти унаасы менен кирип барып өзүн жардырып жиберген. Жардыруудан үч кызматкер жабыркаган. Элчилик ушундан улам виза берүүнү убактылуу токтоткон болчу. (UEz)