Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

КМШ саммитине алты президент келет


Президенттер.
Президенттер.

16-сентябрга белгиленген КМШ өлкө башчыларынын саммитине алты президент катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнун башчысы Сапар Исаков маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, саммитке Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Тажикстан жана Орусиянын мамлекет башчылары катышат.

Мындан сырткары Молдованын өкмөт башчысы, Өзбекстандын тышкы иштер министри, Түркмөнстандан премьер-министрдин жардамчысы, Украинадан элчи катышат.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги 1991-жылы түзүлгөн. Бу жолку өлкө башчылардын жыйыны уюмдун 25 жылдык мааракесине туш келүүдө. (UЕz)

XS
SM
MD
LG