Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Ооган президенти Индияга эки күндүк сапар менен келди


Президент Ашраф Гани Нью-Делиде Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда ал талиптерге каршы күрөшүп жаткан ооган коопсуздук күчтөрүнө аскердик-техникалык жардамды көбөйтүүнү Нью-Делиден өтүнөрү күтүлүүдө. Былтыр да Ооганстан аскерий жардам берүү өтүнүчү менен кайрылганда Индия төрт Ми-25 учагын берген. Талиптерди колдойт деп айыпталган Пакистанды тең салмакташ үчүн Кабул Индия менен тыгыз мамиле түзүүдө.

2014-жылы президенттик кызматка киришкенден бери бул Ашраф Ганинин Индияга жасаган экинчи сапары. Ал ошондой эле Индиянын ишкерлери менен жолугушуп, талдоо борборлорунун биринде сөз сүйлөмөкчү. (AiT)

XS
SM
MD
LG