Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Көпчүлүк коалициянын төрагалыгына Канат Исаев шайланды


Канат Исаев.
Канат Исаев.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, "Ата Мекен", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын лидерлери жабык жыйын өткөрдү. Жыйында лидерлер коалициянын тагдырын, анын төрагасын шайлоону талкуулашты. Көпчүлүк коалициянын төрагалыгына Кыргызстан фракциясынын лидери Канат Исаев шайланды.

Бүгүн КСДП лидери Иса Өмүркулов Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча көпчүлүк коалиция бир пикирге келе албай жатканын айтып, “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларын коалициядан чыгып кетүүнү сунуштаган.

Өз кезегинде Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” коалициядан чыкпай тургандыгын, Бакыт Төрөбаев болсо кагаз жүзүндө бар, иш жүзүндө жок коалициянын тагдырын сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сунуштаган. (UEz)

XS
SM
MD
LG