Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Европарламенттеги партиялар Крым татарларынын лидерин Сахаров сыйлыгына көрсөттү


 Мустафа Жемилев
Мустафа Жемилев

Европарламенттеги британ консерваторлору жана Польшанын Мыйзам жана адилеттүлүк партиялары кирген Европалык консерваторлор жана реформачылар блогу крым татар саясатчысы Мустафа Жемилевду Сахаров сыйлыгына көрсөтүүнү 14-сентябрда чечти. Жемилов Европарламенттин тышкы иштер жана өнүктүрүү комитеттери 11-октябрда 2016-жылы бериле турган сыйылыкка көрсөтүлгөн үч адамдын бири болмокчу. Европарламент жеңүүчүнү 27-октябрда аныктайт.

Украиналык депутат Мустафа Жемилев Крым татарлар межилисинин мурунку төрагасы. Ал Крымды Орусиянын аннексиялап алуусуна каршы чыгып келатат. 50 миң евро акчасы бар Сахаровдун сыйлыгы 1988-жылдан бери ыйгарылып келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG