Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Жогорку Кеңеш комитет төрагалыгына талапкерлерди карайт


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитеттин төрагалыгына сунушталган талапкерлер каралат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Коалициялык көпчүлүк кечээ бул орунга эки депутатты, “Өнүгүү-Прогресстен” Тынчтык Шайназаров менен социал-демократтардан Асел Кодуранованын талапкерлигин жалпы добушка коюуну чечкен. Буга чейин комитет төрагалыгына КСДПдан Төрөбай Зулпукаровдун талапкерлигин көрсөтүлүп, бирок ага нааразы пикирлер айтылган.

Аталган комитеттин буга чейинки төрайымы Галина Скрипкина ЕАЭБдин Экономикалык сотуна судья болуп кеткенине байланыштуу мандатын тапшырган эле. Парламенттеги негизги комитеттин башчылыгы үчүн орун фракциялар ортосунда талашка түшкөн. Аталган комитеттин төрага кызматы квота боюнча КСДПга таандык. Бирок “Өнүгүү-Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев спикер социал-демократтардан шайлангандан кийин бул квота башка фракцияга берилиши керектигин айтып,Тынчтык Шайназаровдун талапкерлигин көрсөткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG