Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Киев Минск келишиминин саясий бөлүгүн аткарышы абзел


Украина президенти Петро Порошенко Германия тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер, Франция тышкы иштер министри Жан-Марк Эйро менен.
Украина президенти Петро Порошенко Германия тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер, Франция тышкы иштер министри Жан-Марк Эйро менен.

Франция, Германия жана Украинанын тышкы иштер министрлери 14-сентябрда Киевдеги жолугушуудан кийин басма сөз жыйын курушту. Француз тышкы иштер министри Жан-Марк Эйро Донбасста тынчтык орногон соң Украина бийлиги Минск келишиминдеги саясий талаптарды аткарууга киришкени дурус деген оюн билдирди. Анын айтуусунда, Донбасстагы жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда жергиликтүү шайлоо өтүп, алардын атайын макамы жөнүндө мыйзам кабыл алынышы керек. Немис тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер да ушул позицияны бекемдеди. Ал эми Украин тышкы иштер министри Павел Климкин Орусия да өз милдетин аткарууга тийиш деген талап койду:

- Орус тарап өзүнө тагылган милдеттерди аткарып, убадага тура аларына кепилдик керек. Ушундай болгон күндө Норманд форматындагы саясий деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болот,- деди Климкин.

Тараптардын билдиришинче, Украинанын чыгышындагы конфликт зоналарынан жаатташкан күчтөрдү алып чыгуу боюнча келишимге кийинки аптада Минскиде кол коюлушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG