Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Оппозиционерлердин жакындары Бишкекте митингге чыгышты


Оппозициянын үнү делген жашыруун жазуу интернетке жарыяланган.
Оппозициянын үнү делген жашыруун жазуу интернетке жарыяланган.

Бийликти күч менен басып алууга айыпталып камалган оппозиционерлер Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун жакындары бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна абактагылардын адвокаты Акин Токталиев билдирди.

Анын айтымында, камакка алынган Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыров жана Дастан Сарыгуловдун соту жабык өтүп жатат. Адвокаттардын отурумду ачык өткөрүүнү сунушун сот канааттандырган жок. Андан тышкары, судья Абдыразак Боромбаевге ишеним көрсөтпөө сунушу да четке кагылган. Сот жараянына мамлекеттик айыптоочулар катары Чүй облустук, Свердлов жана Биринчи Май райондук прокуратурасынан төрт өкүл катышууда.

Адвокат Акиналиевдин айтымында, нааразы болуп митингге чыккандар 50 чамалуу.

Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айтыпталып жатышкан оппозиционерлерди быйыл май айында УКМК кармаган. Алардын шериги деп айтылган Дуулатбек Турдуналиевге издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG