Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Текебаев Атамбаевди “Дастан” заводунун жерин басып алды деп айыптады


Курулуп жаткан үй.
Курулуп жаткан үй.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кой-Ташка президент Алмазбек Атамбаев курдуруп жаткан үйдүн жер тилкеси мурдагы мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин жакындары ээлеп алган “Дастан” заводуна таандык болгонун билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтты.

Депутаттын сөзүнө караганда, ал жерди мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов 2008-жылы Анарбек Укуев деген ортомчу аркылуу каттаткан. Аянты 27 жарым гектар тилке 2010-жылы Атамбаевдин айланасындагы адамдардын көзөмөлүнө өткөн. Ушуга байланыштуу улутташтырыла турган мүлктөрдүн тизмесине кирбей калган. 2015-жылы 7-майда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун жубайы Айнуру Ибраимованын наамына катталган. Ошол жылы 12-майда Алмазбек Атамбаевдин наамына которулган.

Азырынча буга президенттик аппарат комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG