Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:43

Кыргызстан Кытайдан Бишкектеги консулдук бөлүмдүн ишин жандантууну өтүндү


Бишкектеги Кытай элчилиги.

Бишкектеги Кытай элчилиги.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытай тышкы иштер министри Ван И менен телефондо сүйлөшүп, жарым айдан бери иштебей турган консулдук бөлүмдүн ишин жандантууну өтүндү. Сүйлөшүү 14-сентябрда уюштурулганын аталган министрликтен кабарлашты.

Тараптар Бишкектеги Кытай элчилигинде уюштурулган теракт боюнча жүрүп жаткан иликтөө иштерин, сепаратизм жана терроризмге каршы биргелешип күрөшүү маселелерин талкуулашты.

30-августта Кытайдын Бишкектеги элчилигинде жанкечти автоунаа жардырып, өзү мерт кеткен. Элчиликтин үч кызматкери жабыркаган. Кийинчерээк аны уюштурууга шектелген беш киши кармалып, төртөө издөөгө алынган.

Андан бери Кытай кыргызстандыктарга виза берүүнү токтотуп, Бээжиндин Бишкектеги консулдук бөлүмү иштебей турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG