Линктер

Пакистандагы поезд кырсыгы алты адамдын өмүрүн алды


Жабыркагандар ооруканага жеткирилүүдө

Жабыркагандар ооруканага жеткирилүүдө

Пакистандын Пенжаб аймагында Карачиден келаткан поезд жүк ташуучу башка поезд менен кагылышып, андан алты адам каза тапты. Дагы жүздөй киши жаракат алганын Пакистандын расмийлери кабарлады. Кырсык Мултан шаарынан 25 чакырым алыстыкта орун алып, натыйжада төрт вагон аласалып кеткен. Айт майрамынан улам куткаруу кызматы кечигип келди.

Темир жолдун өкүлү Сайма Баширдин айтымында, жүргүнчү ташыган поезддин инженери жүк ташуучу поезд токтогондон кийин жанган кызыл жарыкты көрбөй калган.

Өткөн жылы ноябрь айында Пакистандын Белужистан провинциясында токтотуучу механизми иштебей калган бир поезд тоодон кулап, андан 19 киши мерт болгон. (KKs)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG