Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:41

БУУ: Украинадагы чатактан тогуз миңден ашык киши мерт болду


Донецк аймагы

Донецк аймагы

Украинанын чыгышындагы жаңжалдан мерт болгондордун саны 9,6 миңге жеткенин бүгүн Бириккен Улуттар Уюму билдирди. Уюмдун адам укуктары боюнча кеңсеси чатак башталган 2014-жылдын апрель айынан бери 9640 киши өлгөнүн, 22431 адам жаракат алганын каттаган.

Мындан тышкары май-август айларында жаңжалдан мерт болгон жөн-жай тургундардын саны ага чейинки үч айга салыштырмалуу көбөйгөн.

“1-сентябрда ок атышпоо келишими калыбына келгенден бери абал бир аз жакшырганы менен эки тараптын ортосундагы аймак кооптуу бойдон кала берүүдө. Муну өткөн жуманын соңундагы окуялар көрсөттү. Карама-каршылык кайрадан башталат деген коркунуч күчтүү”, - деди БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад Аль-Хусейн. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG