Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Азербайжан кредиттин үстөк пайызын көтөрдү


Азербайжан акчасы - манат.
Азербайжан акчасы - манат.

Азербайжан улуттук валютасы - манатты күчтөндүрүү максатында жыл башынан бери төртүнчү жолу кредиттин башкы үстөк пайызын көтөрдү. Борбордук банк үстөк пайыздын чегин 9,5 пайыздан 15 пайызга жогорулатты.

Азербайжан манаты дүйнөдө мунайдын баасынын төмөндөшүнөн улам барган сайын кунун жоготуп баратат. Өткөн жылы бул валюта долларга карата дээрлик эки эсе арзандаган.

Мунайга бай Азербайжандын борбордук банкы 2015-жылдагы эки девальвациядан бери манатка болгон ишенимди күчөтүү аракетин көрүп келет.

Кредиттердин башкы үстөк пайызы экономикадагы жана банк тармагындагы акчанын агымын көзөмөлдөөгө көмөкчү ыкма катары саналат. (KKs)

XS
SM
MD
LG