Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Абакта оозун тиккен жарандын абалы начарлоодо


Бишкектеги №1 тергөө абагында 18 күндөн бери оозун тигип отурган Кубат Жолдошбек уулунун саламаттыгы начарлап баратат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Динара Медетова билдирди.

Кубат Жолдошбек уулу былтыр февралда Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип камалган. Ал милиция кызматкерлери кыйнап күнөөнү мойнуна алдырганын, сот далилдерди терең текшербей эле чечим чыгарганын айтып келүүдө. Калыстыкты талап кылып, быйыл 29-августта оозун тигип алган.

-Ушул убакытка чейин эч кайсыл орган бул маселеге кызыккан жок. Алсызданып, кан басымы түшүп кетти. Дарыгерлер улам-улам текшерип турушат, бирок майнап жок. Суу ичип эле күн өткөрүп жатат,- дейт адвокат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жолдошбек уулунун абалы көзөмөлдө экенин айтууда.

Шаардык ички иштер башкармалыгы болсо кыйноо тууралуу доомат негизсиз, ал эми камакка алынгандардын күнөөсү тергөөдө далилденген деп түшүндүрмө берген.

XS
SM
MD
LG