Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Европанын башкы дипломаттары Чыгыш Украинага келишти


Немис тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер (солдон экинчи) жана анын жанындагы француз кесиптеши Жан-Марк Эро.
Немис тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер (солдон экинчи) жана анын жанындагы француз кесиптеши Жан-Марк Эро.

Германия менен Франциянын тышкы иштер министрлери 2014-жылы украин күчтөрү менен орусиячыл жикчилдердин кармашы башталгандан бери биринчи жолу Украинанын чыгышына келишти.

Немис тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер жана анын француз кесиптеши Жан-Марк Эро бүгүн өкмөт көзөмөлдөгөн Краматорск шаарына барышты.

Шаарда аларды “Донбасска атайын макам берүүгө каршыбыз”, “Биз бирдиктүү Украинабыз” сыяктуу плакаттарды кармаган ондогон адамдар тосуп чыгышты.

Украин лидерлери чыгыштагы жаңы ок атышпоо режимине байкоо салууга макул болгон. Тышкы иштер министрлер украин президенти Петро Порошенко менен жолукканда өкмөттү 2015-жылы макулдашылган Минск келишимин аткарууга үндөштү.

Минск келишими жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакта шайлоолорду өткөрүүнү жана чыгыштагы региондорго жарым жартылай автономия берүүнү мерчемдейт. (KKs)

XS
SM
MD
LG