Украинанын чыгышындагы жаңжал тууралуу тынчсызданууларга карабастан Чемпиондор лигасынын 2018-жылдагы финалы Киевде өтө турганын Европанын футбол тармагын тескеген башкы мекеме билдирди.
“Украина УЕФАнын Чемпиондор лигасынын финалдык беттешин 2018-жылдын 26-майында өткөрөт”, - деп кабарлады УЕФАнын аткаруу аткаруучу комитети.
“Евро-2012” футбол турнирин Польша менен бирге уюштурган Украина Киевдеги 70 миң орундуу “Олимп” стадионунда финалдык таймашты өткөрүү сунушун ушул жылдын башында жөнөткөн.
2018-жылы Чемпиондор лигасынын финалы Орусияда Дүйнөлүк чемпионат башталаарына саналуу жумалар калган мезгилге туш келмекчи. (KKs)