Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

“Арзан турак-жай” программасындагы талаптар жеңилдейт


“Арзан турак-жай 2015-2020” программасы аркылуу берилчү ипотекалык насыялардын үстөгү 14 пайыздан 10 пайызга чейин төмөндөйт. Бул боюнча тийиштүү буйрук даярдалып, мекемелер аралык макулдашуу жүрүп жатканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Премьер-министр кол койгон токтомго ылайык, насыя алуучу адам тапшыра турган документтердин саны да кыскартылган. Программа катышуучулары тийиштүү анкетаны толтуруп, төмөнкү документтерди топтойт:

-Паспорт, нике тууралуу күбөлүк, балдардын күбөлүгүнүн, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, үйү жок экендиги жана акыркы 3 жылда турак-жай келишимин жүргүзбөгөндүгү тууралуу маалымдама.

Токтомдо: “Насыя алуучулар 15 жылдык мөөнөткө кепилдик берүүчү адам табууда түйшүккө кептелип, программаны жүзөгө ашырууга кедергисин тийгизүүдө. Буга байланыштуу аталган талап алынып салынды. Кошумча күрөө коюлган учурда катышуучу насыяны алгачкы төлөмсүз ала алат”,- деп жазылган.

Кыргыз өкмөтү “Арзан турак-жай” программасын ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниясын түзгөн. Бул компания бюджеттик мекемелерде иштегендерге үй куруу үчүн 10 жылдан ашык убакытка ипотекалык насыя берет.

XS
SM
MD
LG