Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Таласта үйлөрдү тоногон кылмыштуу топ кармалды


Талас шаарындагы жана калаа четиндеги айылдардагы үйлөргө кирип, баалуу буюмдарды уурдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, алар жасаган беш кылмыштан Таластын тургундары 1,18 млн сомдук зыян тарткан. Ошондой эле алар Чүй облусунун Сокулук районунда беш кылмыш, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда бир кылмыш, Бишкек шаарында жети кылмыш жасашканы аныкталды.

Кылмыштуу топ зер буюмдарды, уюлдук телефондорду жана накталай акчаларды уурдап жүргөн.

Шектелип колго түшкөн үч кишинин баары 22 жаштагы Кара-Буура, Бакай-Ата жана Токтогул райондорунун тургундары. Бул фактылар боюнча тергөө жүрүп жатат. (AlS)

XS
SM
MD
LG