Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Ош шаардык сотунун судьясы пара менен кармалды


Ош шаардык сотунун судьясы К.М. паракорлукка шектелип, үстүнөн кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, судья “ПЦАР” коомдук фондунун пайдасына чечим чыгарууга убада берип, аталган фонддун жетекчилигинен пара сураганы аныкталган. 15-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам текшерүүнүн натыйжасында, судья 10 миң сом пара алып жаткан кезде колго түшкөн. Операцияны Башкы прокуратура менен УКМК чогуу жүргүзгөн.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) боюнча тергелип жатат.

XS
SM
MD
LG