Линктер

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун бүгүн кол койгон буйругуна ылайык, Бакыт Рыспаев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Анын ордуна ушул күнгө чейин өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген Жумагүл Эгембердиева дайындалды. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков аны бүгүн агенттиктин жамаатына тааныштырды.

Бакыт Рыспаев "Ата Мекен" партиясынын активдүү мүчөлөрүнүн бири. ​Мындан мурда аталган партиянын кызматтагы башка мүчөлөрү - юстиция министринин орун басары Айбермет Кутуева, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчи орун басары Марат Таиров күтүүсүз иштен алынган. Ошондой эле Малайзиядагы элчи Кылычбек Султановдун жумуштан кетүү тууралуу арызы канааттандырылып, Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Канатбек Азиз да кызматтан кеткен. ​

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик адамдарынын ортосунда Баш мыйзамды өзгөртүү маселесине байланыштуу карама-каршылык пайда болгон. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG