Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Европарламент төрагасы Трампты сындады


Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц АКШдагы республикачылар партиясынын президенттик талапкери Дональд Трампты дүйнөлүк масштабдагы маселе деп атады.

Ал “Шпигель” журналына берген маегинде Трампты “жоопкерчиликсиз” деп мүнөздөдү. Европа парламентинин башчысы эгер Трамп президенттик шайлоодо жеңишке жетсе, ал бүтүндөй дүйнөгө, анын ичинде Европага кыйынчылык жаратат деп белгиледи.

Акыркы сурамжылоолорго ылайык, Трамптын атаандашы – демократтардын талапкери Хиллари Клинтондун рейтинги төмөндөп баратат. Натыйжада эки талапкердин шайлоодогу мүмкүнчүлүктөрү дээрлик теңелип калды. АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрда болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG