Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

“Ата Мекен” президент менчиктештирип алды деген жер маселесин карайт


Атамбаевдин үйү.
Атамбаевдин үйү.

“Ата Мекен” фракциясынын катчылыгы билдиргендей, бүгүнкү жыйында Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы “Дастан” заводуна таандык 27,5 гектар жерди менчиктештирүү боюнча маалымат алынат. Жыйынга президенттин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси чакырылган. Ошондой эле аталган фракция “Манас” аэропортунун тамак-аш даярдоо цехине байланышкан маселени да талкуулайт. Кечээ “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерди басып алып, үй курду деп айыптап чыккан. 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирген бул жер тилкесин былтыр Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттатканын жарыялаган.

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов Текебаевдин айткандарын четке кагып, мамлекет башчысы ал жер тилкесин мыйзамдуу сатып алганын кабарлаган. Текебаевдин билдирүүсүнөн кийин Атамбаев июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качуусун иликтөөнү жана бул ишке Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн катышы бар-жогун аныктоо үчүн мекемелер аралык топ түзүүнү Башкы прокуратурага тапшырды. (NT)

XS
SM
MD
LG