Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Өзбекстанда электр энергиясы кымбаттайт


“Өзбекэнерго” компаниясы 1-октябрдан тарта калк үчүн электр энергиянын тарифин көтөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, тарифтердин жогорулашы отун-энергетикалык ресурстардын баасынын өсүшү менен байланыштуу. Алардын наркы дээрлик 5 пайызга көтөрүлгөн. Натыйжада, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн жаңы тариф мурункудай 182 сум эмес, 191 сумду түзүп калат. Өлкөдө акыркы жолу электр энергиясынын наркы ушул жылдын апрелинде жогорулаган.

XS
SM
MD
LG