Линктер

КМШнын Бишкектеги саммити учурунда коопсуздукту көзөмөлдөөгө 3 миңден ашуун милиция кызматкери тартылды. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, саммит өтүп жаткан кезде борбордук көчөлөр маал-маалы менен жабылат. Чектөөлөр 17-сентябрга чейин “Манас” аэропортуна кетчү жолго, Фучик, Манас, Чүй жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнө киргизилип турат. Аталган мекеме шаар тургундарын буга түшүнүү менен кароого жана автоунааларды жол четине токтотпоого чакырат. Саммитке байланыштуу маанилүү обьектилерди, коомдук жана азык-түлүк менен камсыздоочу жайларды кайтаруу күчөтүлдү. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG