Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:53

“Левада" борбору “чет өлкөлүк агенттердин” тизмесине киргизилгени боюнча сотко даттанбайт


"Левада" борборунун жетекчиси Лев Гудков.

"Левада" борборунун жетекчиси Лев Гудков.

Орусиялык “Левада” аналитикалык борбору “чет элдик агенттердин” тизмесине киргизүү тууралуу Юстиция министрлигинин чечими боюнча сотко доо арыз менен кайрылбайт. Бул тууралуу жума күнү борбордун жетекчиси Лев Гудков билдирди.

Анын айтымында, “Левада” Орусиянын Юстиция министрлигинин чечимин жаңылыштык деп эсептейт, өзүн “чет элдик агент” катары тааныбайт, сайтында жана расмий билдирүүлөрдө өзүн мындай макамда көрсөтпөйт. Эгер сотко министрлик бул боюнча кайрылса өз позициясын коргоого даяр.

Орусияда коомдук пикирди иликтөө менен алектенген “Левада” борбору 5-сентябрда чет элдик агенттердин “кара” тизмесине киргизилген. Ага чейин борбордун социологдору сурамжылоо жүргүзүп, Мамлекеттик Думага боло турган шайлоого үч жума калганда “Бирдиктүү Орусия” партиясынын рейтинги кескин түшүп кеткенин жарыялаган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG