Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:08

ЕККУ: Орусиядагы шайлоого көз салган байкоочулардын саны эки эсе көп болот


Орусиянын алыскы аймактарында добуш берүү башталды.

Орусиянын алыскы аймактарында добуш берүү башталды.

18-сентябрда Орусияда өтө турган Мамдуманын депутаттарын шайлоого Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 466 өкүлү байкоо салат. Бул сан 2011-жылы өткөн парламенттик шайлоого жана 2012-жылы өткөн президенттик шайлоого көз салган байкоочулардын санынан эки эсе көп. Бул тууралуу “DW” агенттиги маалымдады.

Мурдараак “Голос” кыймылынын тең төрагасы Григорий Мельконянц көз карандысыз байкоочулардын саны өткөн шайлоого салыштырмалуу бул ирет болжол менен эки эсеге аз болорун маалымдаган. “Бирдиктүү Орусия” партиясынын башкы кеңешинин катчысы Сергей Неверовдун айтымында, партия 96 миң шайлоо бекетинин ар бирине экиден байкоочусун жиберерин билдирген.

2016-жылдын февраль айында шайлоого байкоо жүргүзүүнү көзөмөлгө алган мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, шайлоонун жүрүшүнө көз салган ар бир партиянын же талапкердин өкүлдөрүнүн саны чектелүү болууга тийиш, ал эми байкоочулардын тизмеси алдын-ала шайлоо комиссиясына тапшырылышы керек.

2011-жылкы парламенттик шайлоодогу байкоочулардын фальсификациялар тууралуу билдирүүлөрү 2012-жылдын кышында жана жазында массалык нааразылык акцияларынын өтүшүнө түрткү болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG