Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

Манасчылык өнөр тууралуу тасма тартылды


Фильмден үзүндү.
Фильмден үзүндү.

“Саякбай манасчы” эл аралык коомдук фондунун жаш мүчөлөрү “Дүбүрт” аттуу кыска метраждуу тасма тартып бүтүштү. 10 мүнөттүк кинодо манасчылыктын касиети тууралуу баяндалат. “Манас” айтуу касиети кандайча жаралары, түшкөн аяндар жана манасчылардын дастан айтып жаткандагы абалы сүрөттөлөт.

Фильмдин режиссеру - Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинин 4-курсунун студенти Бектурган Кундузбеков. Ал «Дүбүрт» тасмасын алгач кинофестивалдарга, кийин жөнөкөй көрөрмандарга сунуштамакчы.

XS
SM
MD
LG