Линктер

Орусия президенти Владимир Путин КМШ өлкө башчыларынын саммитине катышуу үчүн Бишкекке келди. Орус лидерин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков “Манас” аэропортунан тосуп алды.

Саммиттин расмий ачылышы алгач 16:00гө белгиленген. Бирок Орусия президенти Владимир Путиндин кечигишинен улам эки саатка жылдырылган. Путин аба ырайына байланыштуу Москвадан кеч учканы маалымдалган.

Азырынча расмий жыйын баштала электигин “Ала-Арчадагы” президенттик резиденциядан кабарчыбыз маалымдады.

Саммитте негизинен терроризмге каршы күрөш маселеси талкууланат. Андан тышкары экономикалык жана маданий кызматташтык маселелери каралары расмий кабарланган.

16-17-сентябрга белгиленген саммит КМШнын 25 жылдык мааракесине туш келүүдө. Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Азербайжан жана Беларус президенттери, Молдованын өкмөт башчысы, Өзбекстандын тышкы иштер министри, Түркмөнстандан премьер-министрдин жардамчысы, Украинадан элчи катышат.

КМШ уюму 1991-жылы түзүлгөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG