Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Саммит: чакан чөйрөдө талкуу жүрүп жатат


Ушул тапта Кыргызстан, Орусия, Армения, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Беларус президенттери КМШнын 25 жылдыгы тууралуу талкуулашууда. Ошондой эле чакан чөйрөдө КМШ уюмун учур талабына ылайыкташтыруу маселеси ортого салынат. Мындан тышкары уюмга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары кийинки жылы КМШга жетекчилик кылуучу өлкөнү бекитип, уюмдун келерки жыйыны тууралуу сүйлөшөт.

Кеңири чөйрөдөгү талкууда КМШнын болочогу, экономика, маданий-гуманитардык багытта өз ара кызматташтыкты арттыруу маселеси талкууланат.

16-17-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан саммит КМШнын 25 жылдык мааракесине туш келүүдө. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Азербайжан жана Беларус президенттери, Молдованын өкмөт башчысы, Өзбекстандын тышкы иштер министри, Түркмөнстандан премьер-министрдин жардамчысы, Украинадан элчи катышууда.

1991-жылы түзүлгөн КМШга быйыл Кыргызстан төрагалык кылып жатат. (UEz/ZKo)

XS
SM
MD
LG