Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Швеция соту Жулиан Ассанжды камоо боюнча чечимин күчүндө калтырды


Лондондогу Эквадордун элчилигинде жашырынган Жулиан Ассанж
Лондондогу Эквадордун элчилигинде жашырынган Жулиан Ассанж

Швециядагы апелляциялык сот сексуалдык зордуктоо жана ыдык көрсөттүүгө шектелип жаткан Wikileaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды камоо боюнча ордер күчүндө экенин дагы бир ирет ырастады.

45 жаштагы австралиялык хакер 2012-жылы кылмыш жоопкерчилигинен качып, Лондондогу Эквадордун элчилигинен баш паанек тапкан. Ал ушул күнгө чейин элчиликтин имаратында жашырынууда.

16-сентябрда жарыяланган соттун токтомунда Ассанж сыртынан камалгандардын тизмесинде кала берүүдө. Сот төмөнкү инстанциянын Ассанж сексуалдук зордуктоого шектелип жатканы боюнча токтому күчүндө экенин ырастады. Ассанждын Швециядагы адвокаты апелляциялык соттун бул чечими боюнча өлкөнүн Жогорку Сотуна доо арыз менен кайрылууну ниет кылууда.

Швеция полициясы Ассанжга эки аялдын арызынан соң издөө салган. Аялдар 2010-жылы Ассанж аларга сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтышууда. Wikileaksтин негиздөөчүсү бир нече ирет бул айыптарды алып салууну талап калган. Ал эгер Швецияга экстрадицияланса, бул мамлекеттин бийлиги аны АКШга өткөрүп салат деп кооптонууда. Кошмо Штаттардын тиешелүү органдары Ассанжды жашыруун документтерди жарыялап салганы боюнча айыпташууда.

2010-жылы АКШ бийлиги аскерий жашыруун маалыматтарды камтыган миңдеген файлдардын медиа каражаттарга чыгып кетиши мамлекет коопсуздугуна коркунуч туудурат деп билдирген.

XS
SM
MD
LG