Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Атамбаев “Кыргызстан” аттуу жаңы ырын чыгарды


Алмазбек Атамбаев орус тилиндеги беш ырын жаздырган.
Алмазбек Атамбаев орус тилиндеги беш ырын жаздырган.

Алмазбек Атамбаевдин аткаруусундагы “Кыргызстан” деген ырынын бет ачары бүгүн болду. Ырында президент Алмазбек Атамбаев мекенге болгон сүйүүсүн билдирип, Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүн тилеген. Ырдын клиби Кыргызстан тууралуу ар кандай тасмалардан куралган.

“Кыргызстан” ыры президент Атамбаевдин кыргыз тилиндеги альбомунун алгачкысы. Ырдын сөзү да, обону да президентке таандык.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев орус тилиндеги беш ырын жаздырган. Президенттин орус тилинде беш, кыргыз тилинде беш ырынан турган CD альбому 60 жылдык мааракесине карата жакындарына жасалган белек экени маалымдалган.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн 60 жашка толду. (ZKo)

Алмазбек Атамбаевдин аткаруусундагы "Кыргызстан" аттуу ыр

XS
SM
MD
LG